Шерстобитов Виктор Павлович

ШЕРСТОБИТОВ Виктор Павлович (1929-ж. т., Казакстан, Түн. Казакстан облусу, Пресновка району, Островка кыштагы) – тарых илиминин доктору (1966), проф. (1968), Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1974).

Билими түзөтүү

1949-ж. Москва мамл. тарых-архив институтун,

1953-ж. Москва мамл. университетинин филос. факультетин бүткөн.

Ишмердуүлугу түзөтүү

1953–54-ж. СССР ИАнын Кыргыз филиалында кенже илимий кызматкер, сектор башчы, 1955–71-ж. Кыргыз ССР ИАнын Тарых институтунда директордун орун басары.

1971-жылдан СССР ИАнын СССР тарыхы институтунда бөлүм башчы, 1974-жылдан директордун орун басары.

200дөн ашык илимий эмгектин автору.

Эмгектери негизинен советтик коомдун, дыйкандардын тарыхына, жаңы экономикалык саясаттын жүзөгө ашырылыш тарыхына, улут маселесине ж.б. арналган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз тарыхы: энциклопедия. 2003-ж.
  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке. Со-автор кандидат исторических наук Кыяс Молдокасымов). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)


  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кто есть кто в кыргызской науке: Краткий биобиблиогр. справочник докторов наук Кыргызстана / Под ред. акад. У.А.Асанова. — Бишкек: Гл. ред. Кыргызск. энциклопедии, 1997. — 672 с.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү