Шива - индуизмдеги эң байыркы жана негизги кудайлардын бири.

Шиваизмдин башы Инд өрөөнүндө жашаган элдин дини менен мифологиясындагы аң уулоо менен дыйканчылыктын кудайына барып такалат. Кийинчерээк ал кудай Шива деген атка ээ болуп, брахмаизмдин башкы кудайына айланат. Адетте Шива мойнуна жылан оролгон, бийлеп жаткан төрт колдуу адам катары сүрөттөлөт. Ишеним боюнча Шива дүйнөнү бийлеп жатып, жараткан имиш.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8