Шираз - Ирандын түштүк-батышындагы шаар.

Фарс останынын адм. борбору. Калкы 1,3 млн (2011). Эл аралык аэропорту бар. А.-ч. районун борбору (жүзүмчүлүк, цитрус өсүмдүктөрү, кант кызылчасы ж. б.). Нефть ажыратуу, химиялык (минералдык жер семирткичтер ж. б.), цемент, жыгаччылык, текстиль, тамак-аш, машина куруу (электроника), металл иштетүү ишканалары иштейт. Килем токулат. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Университет, «Фарс» музейи бар. 7-кылымда негизделген. 18-кылымдын 2-жарымында Ирандын борбору болгон. Цитадель, Жыйын өткөрүүчү (9-20-к.), Ноу (13-к.), Вакиль (18-к.) мечиттери бар. Орто кылымда миниатюра тартуунун, кйлем токуунун борбору болгон. Ирандык акындар Саади менен Хафиздин мекени.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4