Шишдөбө кенчи 1976-жылы Кара-Балта шаарынын түндүгүндөгү Шишдөбө шаар чалдыбарынан табылган. Жез менен коргошундун куймасынан (сплав) жасалган 4859 даана тыйындан турат. Тыйындар эки карапа идишке (хумга) салынып, 1,5 м тереңдикке катылган. Алардын сакталышы жана жасалыш сапаты начар болуп, 60–70% жезден жана 15–31% коргошундан турган. Тыйындардагы жазууларда Аксикент, Барскоон, Өзгөн, Күзордо, Маргалаң шаарынан чыгарылгандыгы жөнүндө маалымат бар.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети. аарынан чыгарылгандыгы жөнүндө маалымат бар.