Шлак – 1) балкытып эритүү процессинде (мис., болотту эритүүдө) суюк материалдын үстүңкү бетин жаап калуучу металлургиялык балкыма (катканда таш же айнек сыяктуу зат). Мешке атайын толтурулуучу флюстар, о.э. реакциялар калкыган продуктуларынан туруп, керексиз кошундуларды жана отундун күлүн болоттон бөлүп чыгарат; 2) буу казандарында катуу отундарды күйгүзгөндө калган отундар калдыктары жана балкып эригенде бышып катып калган күлдүн бөлүкчөлөрү. Ш. шлакпортландцемент алууда пайдаланылат. Б. э. шлактан минералдык кебез, шлак пемзасын, шлак куймаларын, шлак ситаллдарын алышат. Бетон куюда жол курулушунда пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү