Шлам
Шлам – 1) жезди, цинкти жана башка металлды электролиз менен бөлүүдө пайда болуучу, көбүнчө асыл металлдан турган күкүм продукт;
2) буу казанында ылай жана катуу түрүндө калган эрибеген калдыктар;
3) пайдалуу кендерди байытууда калган таш көмүр жана руданын ылай түрүндөгү чөкмөсү;
4) суюктуктарды тундурууда, чыпкалоодо бөлүнгөн, майда бөлүкчөлөрдөн турган чөкмө.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6