Шлиф (нем. Schliff) - жышуу, жылмалоо

1) геологияда тоо текти же минералды жышып жасоодон алынган жука тактача. Анын калындыгы 0,03-0,02 ммди (көмүрдөн жасалганы - 0,01 мм), өлчөмү 2x4 смди түзөт. Ал өзгөчө чайыр - канада бальзамына чапталып, үстү айнек менен капталат. Негизинен, тоо тектердин минералдык курамы, түзүлүшүн петрограф. микроскоп менен аныктоо үчүн колдонулат. Шлифти изилдөө петрография илиминин негизги ыкмасы болуп саналат. Ташка айланган организм калдыктарын изилдөө үчүн палеонтологияда, ошондой эле биологияда да Шлиф колдонулат;

2) микроскоп менен изилдөө үчүн металлдан жасалган үлгү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4