Шлягер
Шлягер (нем. schlager - элге жаккан, эл сураган буюм) –
1. Адатта сүйүү тамасына жазылган бийди коштоочу ыр. Поп-музыканын негизги түрүнүн бири.
2. Оңой эске тутулуучу обондуу, кеңири тараган ыр. Бийдин жаңы түрүнүн жаралышын шарттайт.
3. Каймана маанисинде өтө кеңири белгилүү, бирок жеңил ойлуу чыгарманы билдирет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүАлагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.