Шопоков мөңгүсүКыргыз Алатоосунун түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү.

Аламүдүн суусунун сол курамы Чуңкурчактын төрүнөн орун алган. Уз. 7,0 км, аянты 8,8 км. Башы деңиз деңг. 4876 м. этеги 3230 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4150 м, абляция облусунун аянты 2,6 км2. Мөңгүнүн башы бир нече камералуу циркте жатат. 3800 м бийикте, кар чегинен бир аз төмөн уз. 2 км келген тармагы кошулат. Этеги 1,5 кмге жакын бөлүгү калың морена м-н капталган. Андан Чуңкурчак суусу башталып, Аламүдүнгө сол жактан куят. Аты Советтер Союзунун Баатыры Д. Шопоковдун ысымынан коюлган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2