Шор суулар - курамындагы туз эритиндилеринин өлчөмү 50 г/лден жогору келген табигый жана жасалма суулар.

Химия өнөр жайынын маанилүү сырьёсу, ошондой эле дарылоо мекемелеринде пайдаланылат. Хим. курамына жараша Шор суулар 4 типке: хлор-кальцийлүү, хлор-магнийлүү, сульфатнатрийлүү жана гидрокарбонат-натрийлүү болуп бөлүнөт. Жер шарында кеңири таралган хлоркальцийлүү Шор суулар континенттик кыртыштагы боштуктарды толтуруп, жер астындагы гидросфераны түзөт. Ал суулар курамындагы Br, I, В, Li, Rb ж. б. микрокомпоненттердин концентсынын жогорулугу менен айырмаланат. Мындай суулар океандагы рифт зоналарынан да чыгаары аныкталган. Жер бетинде бул суулар туруксуз келишип, сейрек кездешет. Ага кургак климат өкүм сүргөн аймактардагы (Чокрак, Перекоп, Сары-Камыш, Асаль көлдөрү, Жансыз деңиз) жана шарты өзгөчө келген Батыш Антарктидадагы кургакчыл өрөөндөрдөгү (Ванда, ДонЖуан ж. б. көлдөр) көл суулары кирет. Жер бетинде туруктуу келген хлор-магнийлүү Шор суулар негизинен океан жана деңизден бөлүнүп калган көлдөрдө (Сасык, Докузлав, Сиваш, Мак-Лауд ж. б.), коралл аралдарынын ортосундагы туюк лагуналарда (Тынч океандагы Эндербери ж. б.) кездешет. Хлор-магнийлүү Шор суулар сыяктуу эле, сульфат-натрийлүүсү да кургакчыл климат шартында пайда болот. Айырмасы континенттердин ички бөлүгүндө, агын суулардан жана жер астындагы суулардан куралган көлдөргө таандык. Мис., Орто Азиянын, Казакстандын жана Алтайдын (Россия) кургакчыл аймактарындагы көлдөр. Гидрокарбонат-натрийлүү Шор суулар альп тоо бүктөөлүү кырчоолорунда жана жаш рифт зоналарында кездешип, жер бетине терм-минералдык булактары түрүндө чыгат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4