Шотланд тили, гэл тили - Шотландиянын түндүк бөлүгүн, Гебрид аралдарын мекендеген шотланддардын тили.

Ирланд, мэнк тилдери менен бирге кельт тилдеринин гойдел бутагын түзөт. Шотланд тили теги боюнча б. з. ч. 5-кылымда Шотландияга ооп келген ирландцардын тили болгон. 13-кылымда гана ирланд тилинен айырмалана баштаган. Эң байыркы эстелиги («Лисмордук аббаттын китеби») 16-кылымдын башына таандык. Түндүк, түштүк деген диалектилери бар. Жазма адабий тили 19-кылымда калыптанган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9