Шпур - бургулоодон пайда болгон цилиндр түспөлдүү тоо-кен казмасы.

Анын диаметри 75 ммге чейин жетет. Тереңдигине жараша - тайыз (тереңдиги 1,5 мге чейин), орто (1,5-2,5 м) жана терең (2,5-5 м); багытына карай - горизонталь, тик жана жантык Шпур деп бөлүнөт. Шахтада жана карьерде тоо тектерди, кенди жардырууда Шпурга жардыргыч заттарды жайгаштырылат. Башка тоо-кен казмаларынын капталдарын, үстүн бекемдегичтерди орнотууда, тоо тек массаларын кургатууда, гидротехн. жана жол курулушунда ж. б. максаттар үчүн да даярдалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү