Шток (нем. Stock - таяк, өзөк) - тик же жантайыңкы жайгашып, туура эмес формадагы же цилиндр сымал түспөлдөгү анчалык чоң эмес интрузия тулкусу; кенташтуу Шток толугу менен же дээрлик бүтүндөй кенташтан турат.

Анын туурасы ондогон мге жетет. Негизинен бир өнчөй тоо тектен түзүлүп, жанаша жаткан тектер менен бирдей эмес багыттагы контактта жатат. Айрым учурда Шток менен башка тектердин контактында брекчия пайда болот. Штоктун тулкусу жакшы кристаллдашып, кээде андан автометаморфизмдин өзгөрүлүүлөрү байкалат. Шток магма менен байланышта болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4