Шылк этме – жоокер куралы. Шылк этме адегенде таштан, колодон, кийин коргошун же темирден жасалган. Муштумдай таштын, темирдин ортосун тешип, аны 2 сөөмдөй москоол жыгачтын бир учуна аштап, 2-учу жазы калың кайыш менен 60–70 см узундуктагы таякчанын учуна бекитилген. Шылк этме бир нерсенин ары жагына же калкандын астына коргологон душманды чабууга ыңгайлуу болгон.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.