Шынаа сымал жазманын келип чыгышы

Болжол менен б.з.ч. 3000-жылы шумерлер пиктографиялык жазмадан шынаа сымал жазмага отушкон.Эмне учун бул жазма шынаа сымал болуп калды? Анын башкы себеби –жазма учун тандалган материалда. Шумерлер кагазды , ага сыя менен жазууну билген эмес. Алар жазуу учун чопо таякчаларды колдонушкан . Чопонун анча кургатыла элек такталарына жыгачтын учу менен из тушургондо , булл издер шынаа сымал болуп калчу. Бул тактаны кунго кургатып алса, анын жазуусу оной менен очкон эмес. Ал эми чолдо кум эч тугонбос болгондой эле, Эки Дарыя аралыгында чоподон мол эч нерсе жок эле. Демек ,чопону эч кимден сатып алып олтурбайсын,ал эми шынаа тушурчу жыгачтын учу менен шарттуу белгилерди чопо тактага жазуу эн оной болчу. Себеби,уйдун же огуздун башын ар ким эле окшоштуруп тарта албайт, бирок алардын шынаа сымал символун бары тен эле жаза алышы мумкун эмеспи. Оболу бул жазма менен чарбалык эсептер жургузулгон. Канча тилке жер айдалды,андан канча салык мамлекетке толонду, кимдин канча карызы бар сыяктуу маалыматтар жазылган арбын чопо такталары биздин кундорго сакталып жетти. Андан тышкары , булл жазма аркылуу шумерлердин татынакай дастандары, тарыхый инсандар чагылдырылган жазма эстеликтери сакталып калган. Шумердикшынаа сымал жазманы Батыш Азиядагы башка элдер да оздоштуруп ,андан ары оорчуткон.Бугунку алфавиттин келип чыгышына шынаа сымал жазма баштапкы турткулордон болгон.

Колдонулган адабият түзөтүү

1.Дуйно тарыхы