Шыраалжын шыбак, кызылкуурай (лат. Artemisia dracunculus, L. 1753) – өсүмдүктөрдүн шыбак уруусундагы түрү. Көп жылдык. Сабагы бутактанбай тик өйдө өсөт, бийикт. 50-200 смге жетет, түсү негизинен кызгылт. Жалбырактары тегиз, жээктүү, ланцеттей, тасмадай, узун 5-8 см, туурасы 2-3 см. Себетченин четидегиси энелик, ортоңкусу аталык гүлдөр болот. Данчасы майда, уз. 1 мм, күрөң түстө. Топ гүлү жалбырак колтуктарында орношуп, калемчедей, шыпыргыдай топ гүлдү түзөт, негизинен алар сабактын учуна жайгашат. Өрөөндөн тартып бийик тоолорго чейинки, ным жетиштүү өсүмдүктүүлүктүн бардык тибинде кездешет. Жаш сабактарын мал оттойт. Айрым жерлерде жыш өсүп, бир өңчөй өсүмдүктүүлүктү түзөт. Эзелтеден эл арасында отун катары кургак, бышкан сабактарын пайдаланышкан. Малга короо катары калканчы да жасашкан.

Шыраалжын шыбак.

Колдонулган адабияттар түзөтүү