ШырыктыАт-Башы районундагы суу, Кара-Коюндун оң куймасы. Узундугу 24 км, алабынын аянты 145 км. Суу куралуу облусуна кирет. Ат-Башы кырка тоосундагы капчыгай аркылуу агат да, Кара-Коюн өрөөнүнө чыгат. Алабынын деңиз деңгеелинин орто бийиктиги 3500 м. Онго жакын куймасы бар. Жылдык орто чыгымы 1,80 м/сек, эң көбү май-июнд, эң азы январь-февралда байкалат. Негизинен кар,жаан-чачын жана булак сууларынан куралат. Сугатка пайдаланылат.