Шүкүров Эмил Жапарович (1938, Фрунзе ш.) - география илиминин доктору (1992), Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Нью-Йорк ИАнын академиги, Кыргыз мамлекеттик университетин (1960), Москва мамлекеттик университетинин аспирантурасын (1962) бүткөн.

УИАнын Философия жана укук институтунда кенже, ага ил. кызматкер, директордун орун басары, КММИде окутуучу жана УИАнын Биология жана топурак таануу институтунда лаборатория башчысы, директордун орун басары, директор, Кыргызстан Эл аралык университетинде декан болуп эмгектенген. 2000-жылдан Борбордук Азиядагы биол. ар түрдүүлүктү сактоо боюнча транс чегаралык аймактын долбоорунун ил. кеңешчиси. Зоология, философия, зоогеография, экология боюнча 250дөн ашык ил. эмгектин, а. и. 10 монографиянын, 17 картанын автору. Негизги эмгектери: «Концепция дополнительности и проблема общения» (1972), «Птицы еловых лесов Тянь-Шаня» (1986), «Зоогеографическая карта Кыргызстана» (1990), «Природная и антропогенная среда Кыргызстана» (1991), «Комлпексная интегральная оценка территории в целях экологически обоснованного устойчивого развития» (1997).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2