Жон Шөберлайн (англисче John Schoeberlein, орусча Джон Шёберлайн) – америкалык заманбап чыгыш таануучу, Борбордук Азия жана Кыргызстан тарыхы жана саясаты, пост-советтик өлкөлөрдөгү ислам боюнча адис.

Проф. Жон Шөберлайн Бишкек шаарында. 08.2.2012.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Жон Шөберлайн мырза доктордук диссертациясын 1994-жылы АКШдагы Гарвард университетинде коомдук антропология тармагынан жактаган.


Учурда ал Гарвард университетинин (Harvard University) Орусияны жана Евразияны иликтөө боюнча Дэйвис Борборунун карамагындагы Борбордук Азия жана Кавказ программасын жетектейт жана Массачусетс штатынын Кэмбриж шаарында антропология факултетинде сабак берет.

1998-99-жылдары ал БУУнун “Фергана өрөөнүн өнүктүрүү программасын жетектеген.

Ал “Борбордук Евразияны Иликтөө Коомун” (Central Eurasian Studies Society) негиздеген жана 2000-2003-жылдары анын туңгуч президенти болгон.

Ушул тапта бул илимий коомдун 1500дөн ашуун мүчөсү бар.

Ушул тапта ал “Евразиянын чордонундагы исламдын ролу” деген тема боюнча иликтөөнү алып барууда.

Шөберлайн мырза 2011-2012-окуу жылында Казакстандын ордосу Астанадагы Евразия Улуттук Университетинде (Eurasian National University) дарс окуду.

Бала-бакырасы түзөтүү

Үй-бүлөлүү.

Махру (Mahru - парсыча “Ай”) деген кызы бар.

Кыргыз таануудагы салымы түзөтүү

2000-2001-жылдары Эл аралык жаңжалды иликтөө тобунун Борбордук Азия долбоорун жетектеген. Кыргызстандын ар кыл аймактарын кыдырган.

Бишкекте жана Ошто болгон.

Кыргыз чыгыш таануучулары менен тыгыз чыгармачыл байланыш жүргүзүп келет.

2012-жылдын 8-февралында Бишкек шаарындагы Борбордук Азиядагы Америкалык Университеттин (AUCA) дарсканасында кыргызстандык илимпоздо үчүн салыштырма этнология жаатында илимий дарс окуду.

Сыйлыктары. Наамдары түзөтүү

Анын эмгектери түзөтүү

Айрым интернеттик шилтемелер түзөтүү

http://cesww.fas.harvard.edu Archived 2010-08-20 at the Wayback Machine
http://cesww.fas.harvard.edu/ces_cel.html Archived 2010-08-20 at the Wayback Machine
http://www.people.fas.harvard.edu/~schoeber/ Archived 2010-07-10 at the Wayback Machine
http://www.facebook.com/schoeberlein

http://www.facebook.com/Schoeberlein (Facebook page)
http://www.people.fas.harvard.edu/~schoeber/ Archived 2010-07-10 at the Wayback Machine (Harvard page)
http://www.linkedin.com/in/johnschoeberlein (LinkedIn page)
http://harvard.academia.edu/JohnSchoeberlein (Academia.edu)