Щукин Иван Семёнович

Щукин Иван Семёнович (28

Щукин Иван Семёнович (28.04 (10.05). 1885, Москва - 1985, Москва) - орус физикалык географы, география илимдин доктору (1935), ММУда проф. (1935), СССР География коомунун ардактуу мүчөсү (1955), РСФСРдин илимд. көрүнүктүү ишмери (1957).

Москва университетин 1911-ж. бүткөн. 1918-35-ж. ММУда доцент, проф. жана СССР ИАда улук илимий кызматкер (1935-41), ушул эле окуу жайда өзү түзгөн геоморфология кафедрасыныя башчысы (1944-61). Щ. Кавказ менен Орто Азияны кеңири изилдеген окумуштуулардан. Анын илимий эмгектери негизинен физикалык географияга, жалпы жана регионалдык геоморфологияга негизделген. Ленин ж. б. орден жана медалдар менен сыйланган. Анын атынан Ысар-Алай кырка тоосунун 2 чокусу, Уруп аралындагы булуң, Чыгыш Антарктидадагы тоо, Жунгар Ала-Тоосундагы мөңгү аталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4