Щёлочь жер металлдары - элементтердин мезгилдик системасынын II тобунун негизги топчосуна кирген элементтер; бериллий (ат. н. 4) Be, магний (12) Mg, кальций (20) Са, стронций (38) Sr, барий (56) Ва, радий (88) Ra.

Жаратылышта ар түрдүү минералдар түрүндө кездешет. Булардын кычкылдары - «жер» (алхимиктер аташкан), суу эритмелеринде негиздик реакцияга ээ болгондуктан, Щ. ж. м. деп аталган. Mg, Са, Sr, Ва, Ra полиизотоптуу элементтер. Бардыгы күмүш түспөл, боз, ийилчээк, чоюлчаак, тыгызд. төмөн металлдар. Окистенүү даражасы +2. Be ден башкасы дээрлик металлдык касиеттерди көрсөтүшөт. Металлдык касиеттери Mg ден Ra-ди көздөй жогорулайт. Алар абада 02, Н20, F2 менен, 300-400°С Н2 жана галогендер менен аракеттенишет. Be кычкылтек менен 500°Сде реакцияга кирет. Элементтер суюлтулган к-таларда, суюк аммиакта, Be щелочтордо да жакшы эришет. Электролиз, алюжинотермия, металлотермия ыкмалары менен алынат. Be легирлөөчү элемент катары, рентген түтүкчөлөрүнүн айнектерин даярдоодо, нейтронду чыгарып туруучу аппараттарды жасоодо, Mg жеңил куймаларды алууда, пиротехникада, сүрөт тартууда, Са оксиддерди калыбына келтирүү үчүн колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4