Щёлочь металлдар - элементтердин мезгилдик системасынын I тобунун негизги топчосун түзгөн химиялык элементтер: литий (ат. н. 3) Li, натрий (11) Na, калий (19) К,рубидий (37) Rb, цезий (55) Cs, франций (87) Fr.

Бул металлдардын суу оксиддери күчтүү (негиз) щелочь болгондуктан Щёлочь металлдар деп аталат. Алардын окистенүү даражасы +1. Күмүшкө окшогон боз түстөгү, жумшак, тыгызд. төмөн, салыштырмалуу төмөнкү температурада эриген жана кайнаган, жеңил металлдар. Хим. жактан активдүү. Активдүүлүгү литийден францийди көздөй жогорулайт. Щёлочь металлдар күчтүү калыбына келтиргичтер. Н20, 02, галогендер менен өтө тез, ал эми Н2, S, Р, N2 менен ысытканда, NH3 менен баскычтуу химиялык реакцияга киришет. К-тадан Н2 оңой сүрүп чыгарышат. Щёлочь металлдар сымапта жакшы эрип амальгамаларды пайда кылат. Li химиялык касиеттери Ка ге караганда магнийге жакыныраак. Щёлочь металлдар 02 жана Н20нун буусу жок керосинде же майлуу суюктуктарда сакталат. Электролиз жана термиялык ыкма менен 700-1200°Сде вакуумда калыбына келтирүү жолу менен алынат. Щёлочь металлдар техникада, органикалык боёкторду, самынды, тетраэтил-коргошунду, жеңил куймаларды алууда, катализатор катары, фотоэлементтерди жасоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4