Ынанчы (Inanch) - Кыргыз кагандарынын ишенимдүү жардамчылары, элчилери.

Кыргыз жазма эстеликтеринде (V—XIII кк.), кытай жыл баяндарында бул термин кыргыз энчилүү адам аттарына жалганып айтылат. Мис., Inanch han, Inanch Kair han, Dadas Inanch Chor, Inanch bek, Inanch Mengu ж.б. Inanch - «ишеничтүү киши», «ишенич жүктөлгөн чабарман» маанисин туюнткан.

Демек, бул сөз (Inanch) дипломатиялык титулду, «элчи» термининин синонимии туюнтат. Абакан суусунун (Хакас-Минуса ойдуңу) оң жээгиндеги Ачура деген жерден табылган кыргыз жазуусунда: «...ил (эл) эгеси Ынычу Билге ириг өлүг ара..., улуңун аты Күч уры, өз атаңыз Уры бек (башкаруучу), оз элиңиз (мамлекетиңиз) үчүн жакшылык кылып, сиз (айрылдыңыз)...» - деген маалыматтар бар.

Бул лексика бүгүнкү кыргыз тилинде «ынануу», «ынаным», «ынанымдуу», «ынанычтуу» формаларында сакталып калган.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8