Ыплас сууларды тазалоо - ыплас сууларды эл чарбасында кайра пайдалануу максатында андагы булганч кошундуларды зыянсыздандыруу процесси.

Суунун ыпластуулугуна жараша механикалык (тундуруу, чыпкалоо), химиялык, биологиялык тазалоо ыкмалары колдонулат. Тазаланган суу өндүрүштүн түрдүү технологиялык процесстерине, сугатка пайдаланылат. Тазалоого мүмкүн эмее, өтө ыплас суулар терең жерге сиңирилет. Эл чарбасынын, айрыкча өнөр жай ишканаларынын өсүшүнө байланыштуу айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоодо Ыплас сууларды тазалоонун мааниси зор. Ыплас сууларды тазалоо үчүн түрдүү тазалагычтар курулууда, туюк (таштандысыз) же зыяндуулугу аз технологиялык процесстер иштелип чыгууда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4