Ысар өрөөнү - Ысар-Алай тоо системасындагы тоо аралык ойдуң.

Ысар кырка тоосунун түштүк чети менен Бабатаг, Кара-Тоо тоолорунун түндүк четтеринин ортосунда, Тажикстанда. Уз. 115 кмдей. Бийиктиги 700 .мден 1000мге чейин. Кафирниган д. жана анын куймалары агып өтөт. Чон Ысар каналы сугат үчүн курулган. Түзөң бөлүгүндө пахта, кунжут, буудай эгилет. Тоо этектерин субтропиктик талаа, бадал, жазы жалбырактуу токой (жаңгак, алма, зараң) ээлейт. Өрөөндө Дуйшөмбу ш. жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4