Ышкиййа тарикаты – Теңир-Тоодогу сопулук агым. Исхакийа тарикатынын өкүлдөрүнө каршы күрөшкөн. Ышкиййа Тарикатын кожо Махдум-и Аззамдын (1542-ж. өлгөн) уулу кожо Мухаммед Эммин (ылакап аты – Кожо Келең) негиздеген. Аскердик таяныч күч катары ал өзүнө «ак тоолук» кыргыздарды тарткан. «Ышкиййа» (ар. «ышк» – ашыктык, ышкы) сопулук диний ишенимде ак уруп, экстазга батуу менен «кудайга» жакындагандыкты туюнткан. Ышкиййа тарикатынын талапкерлерин «ак тоолуктар» же «ак такыялуулар» деп да аташкан.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.