Ышкырык чоор – кыргыздын эринге такап үйлөөчү (ышкырыкка ылайыкталган) жылчыктуу үйлөмө музыкалык аспабы.

Ышкырык чоор адатта чатыр гүлдүүлөр түркүмүнө кирген балтыр-кан, элик балтыркан, аюу балтыркан сыяктуу өсүмдүктөрдүн сабагынан жасалат. Орточо уз. 300-350 мм. Добуш өзгөртүүчү көзөнөктөрүнүн саны 2-3. Ышкырык чоор репертуарын добуш катарына кирген добуштардын айкалышынан жаралган «кайрыктар»түзөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.