Эверсманндын көгүчкөнү (Columba eversmanni), (Bonaparte, 1856):

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Афганистан жана Пакистан, Кашкар, Кашмир жана Ладак. Кыргызстанда Чүй, Талас өрөөнүндө жана Ферганада кездешет. XX кылымдын аягында Чүй жана Аксуу дарыяларынын жээктериндеги жарларда уялаган. 2003-жылы Фергана тоо кыркаларынын этектеринде Көкарт дарыясынын жарлуу жээктеринде уялашы байкалган.

Жашаган аймактары түзөтүү

Дарыяларын жээктерине уяшалат . ==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Чүй өрөөнүндө Чүй жана Аксуу дарыяларында уялоосу белгилүү . Дарактардын коңулдарына, эски имараттарга да уя салышы мүмкүн. Уясында 2 жумуртка. Балапандарын экөө тең багат. Бир жайдын ичинде экөө тең балапандарын 2-3 жолу чыгарууга жетишет. Өсүмдүктөрдүн жана маданий кылкандуу өсүмдүктөрдүн уруктары менен азыктанышат. Күзүндө август-сентябрда учуп кетишет. Иран, Афганистан жана Индостандын түндүк жагында кышташат.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Аңчылык кылуу куштардын тизмесине киргендиктен, такталган эмес.

Көбөйтүү (колдо багуу) түзөтүү

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Казакстандын Кызыл китебине киргизилген.Түрдү сактап калыш үчүн атайын колдонгон чаралар жок. Спорттук аңчылык жүргүзүү. Коргоо үчүн за рыл а ракеттер. Аңчылыкка кирүүчү түрлөрдүн тизмесинен алып салуу.Азыркы таралышын жана санын билүү үчүн изилдөөлөрдү жүргүзүү. Түрдү сактоого керектүү чараларды иштеп чыгуу.

Статусу түзөтүү

V категория, Vulnerable, VU, A2bcd+3bcd. Кыргызстандын фаунасында уруунун 6 түрүнүн бири. Монотиптүү түр.

Колдонулган адабияттар түзөтүү