Эгиз уйкаш
Эгиз уйкаш же жупуйкаш – биринчи сап менен экинчи сап, үчүнчү сап менен төртүнчү сап жуп-жубу менен үндөшүп келген уйкаштык. Схемасы: а-а-б-б. Мисалы,
Ийнемдин учун майтардым, (а) Бүгүн бир короо кайтардым. (а) Ийнемдин учун түзөттүм, (б) Бүгүн бир короо күзөттүм (б) (Элдик ыр)
Колдонулган адабияттар
түзөтүү"Кыргыз адабияты энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү. Асанов, жооптуу редактор: А. Акматалиев. Бишкек - 2004