Эгилме жайыт - мал жаюуга пайдаланылуучу оттуу тоюттук жер; табигый тоюттук жерди же чөп жакшы өспөгөн жерди үстүртөн жакшыртуу, ошондой эле жаңы өздөштүрүлүп жаткан жерге чөп аралашмасын эгүү жолу менен түзүлөт.

Кыска (5-6 жыл), узак (7-10 жыл) мөөнөттүү Эгилме жайытка бөлүнөт. Эгилме жайытты түзүүнүн арзан жолу (айрыкча нымы жетиштүү жерлерде) - табигый тоюттук жерди үстүртөн жакшыртуу: ташын терүү, бадал ж. б-ларды жок кылуу, суу режимин жөнгө салуу, жерди тегиздөө ж. б. Чөбү суйдаң өскөн жерлерге кошумча чанактуу дан өсүмдүктөрү эгилет. Чөп эгээрден мурда оор дискалуу мала менен малманып, чөп эгилгенден кийин, таптап, жер семирткич чачылат. Бул иштер аткарылгандан кийин 3-5 жылдын ичинде жер оттуу жайытка айланат. Чөп аралашмасын эгүү жолу менен кыска мөөнөткө пайдаланылуучу Эгилме жайытты саздак жана чым-карбонаттуу топурактуу жерге, узак мөөнөткө пайдаланылуучу Эгилме жайытты топурагы күрдүү жерде түзүү максатка ылайыктуу. Ашыкча нымдуу жер кургатылып, таш, бадалдан тазаланып, 25-40 см тереңдикте айдап, андан кийин малалап, тапталган сон чөп аралашмасы эгилет. Чымдуу (калыңдыгы 18 смге чейин) жер кадимки соко менен айдалып, андан кийин дискалуу мала тартылат. Органикалык жер семирткич айдалардан мурда, минерал жер семирткич айдалгандан кийин чачылат. Чөп аралашмасы жер тегизделгенден кийин дароо же 2-3 жыл эгин, техникалык өсүмдүк, жашылча эгилгенден кийин эгилет. Кыска мөөнөттүү Эгилме жайыттын ар бир гектарына 25-35 кг, узак мөөнөттүү Эгилме жайыттыкына 30 - 40 кг чөп аралашмасынын (чанактуу-дан өсүмдүгү) уругу себилет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4