Эгин бастыргыч
Эгин бастыргыч, молотилка-айыл чарба өсүмдүгүнүн данын машак, сото, мардек жана чачысынан бөлүп чыгаруучу машина.
18-кылымдын аягында Шотландияда үч кыр мололуу (ургулуу) айланма барабандуу Эгин бастыргыч жасалган. Ал улам жакшыртылып дан комбайндарында пайдаланылган. Алгачкы Эгин бастыргыч жумуру таш, жыгач ж. б-дан жасалып, кол күчү же унаага сүйрүтүлүп, иштетилген, бирок данын самантопонунан ажыраткан эмес. Кийин буу, ичинен күймө, электр кыймылдаткыч менен жүргүзүлүүчү Эгин бастыргыч жасалган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4