Эдигеева, Айсанат – киноактриса

Эдигеева, Айсанат
"Күйөө балам - водовоз" фильминен
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Эдигеева, Айсанат
Туулган жылы: 1995-жыл, 28июль
Туулган жери: Туз айылы, Кант району, Чүй облусу, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: киноактриса
Наамдары, сыйлыктары:
Чыгармачылык активдүүлүгү: 2012-жылдан баштап
Театр:

Өмүр баяны жана чыгармачылыгы түзөтүү

 
"Возвращение блудной дочери" фильминен

Айсанат өтө эле жаш экенине карабастан, 2012-2013-жылдардын аралыгында 5 фильмге тартылып, анын ичинде 4 фильмде башкы ролду ийгиликтүү аткарды.
Айсанаттын киного келип калганы өзүнчө бир кызык окуя.
2012-жылы жаз айларынын ичинде Туз айылында "Каргыш" фильми тартылып калат. Фильмдин тартылышына Туз айылынын жаштары айрыкча көмөк көрсөтүшөт. Фильмдин бир эпизодунда окуучу кыз керек болуп калып, режиссер Ж.Кулмамбетов айылдык жаштардан бир жөндөмдүү окуучу кызды таап келүүлөрүн өтүнөт. Айылдык жигиттер бир кыздын ордуна эки кызды таап келишет. Биринчиси эпозоддо ойномок, экиничиси жөн эле аны ээрчип келет, киного кызыгып. Режиссер экөөнү тең эле тартыла берсин деп коет.
Тартыла турган кызды ээрчип келген кыз Айсанат болчу. Бирок, фильмдин режиссеру менен оператору Т. Акималиевге ошол ээрчип келген Айсанаттын ойногону өзгөчө жагып калат.
Ошол учурда Ж.Кулмамбетов кийиники фильмин баштамакчы болуп, башкы ролго Айсанаттын курагындагы өспүрүм кызды издеп жүргөн болчу. Режиссер дароо эле Айсанатты кийинки фильмдин кастингине чакырат.
Ошентип орто мектепи аяктай элек жатып, Айсанат эки фильмге, бирөөндө эпизодго, экинчисинде башкы ролго тартылат.
Айсанат азыркы учурда студентка - Б.Бейшеналиева атындагы искусство институнун “Актердук” факультетине 2012-жылы өткөн.
Кино Айсанаттын стихиясы, ал фильмге тартылып аткан учурда, образдуу салыштырганда ал өзүн суудагы балыктай эле сезет.

Тартылган кинолору түзөтүү

  • ”Каргыш” - окуучу кыз (режиссеру Ж.Кулмамбетов)
  • ”Возварщение блудной дочери” - Роза (режиссеру Ж.Кулмамбетов)
  • ”Жараланган турналар-2” – Каныкей (режиссеру Ж.Кулмамбетов)
  • ”Күйөө балам - водовоз” – Элзат (режиссеру Ж.Кулмамбетов)
  • "Көргүм келет" - Айжан (режиссеру Нурбек Исаев)

Наамдары жана сыйлыктары түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Интернет шилтемелер түзөтүү

@aisanatedigeeva