Эдилбаев, Каныбек (1952–1996)

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Сынчы Каныбек Эдилбаев Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында 1952-жылы туулган. 1969-жылы орто мектепти бүтүрүп, колхоздо кара жумушчу, пионердик тарбиячы болуп иштеген. 1976-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун филология факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.
1976–1977-жж. Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясындагы Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясында илимий редактор, 1977–1979-жж. «Кыргызстан маданияты» гезитинин кабарчысы, 1979-жылдан «Ала-Too» журналынын редакциясында бөлүм башчы, башкы редактордун орунбасары, 1995-жылдан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу автордук жана чектеш укуктарды коргоо боюнча Мамлекеттик агенттигинин директору, 1996-жылдан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орунбасары болуп дайындалган жана бул кызматта өмүрүнүн аягына чейин эмгектенген.
Чыгармалары 1974-жылдан жарыялана баштаган. Биринчи адабий-сын макалаларынын жыйнагы «Сөз тагдыры» деген ат менен 1981-жылы басылып чыккан.
1981-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, Фрунзе шаарында 1982-жылдын сентябрында өткөрүлгөн Азия жана Африка өлкөлөрүнүн жаш жазуучуларынын IV Эл аралык жолугушуусунун катышуучусу болгон. 1981-жылы Кыргыз ССРинин ЖКнын Грамотасы менен сыйланган.
1991-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген ардактуу наамга ээ болгон.

Каныбек Эдилбаевдин азилдеринен түзөтүү

Урушчаактын тукуму

Үч-төрт жазуучу өз ара сүйлөшүп олтуруп, бири: "Менин атам ырчы эле, ошон үчүн жазуучу болуп калдым", - десе бирөө: "Менин чоң энем жомокчу эле, ошон үчүн жазуучу болуп калдым" - деп, айтор түпкүлүгүндө баарынын тең эле ата-теги өнөрпоз болуп чыга келет. Анда сынчы Каныбек Эдилбаев: "Менин атам айылдагы эң урушчаак киши эле, ошон үчүн сынчы болуп калдым", - деп кыйытыптыр дейт.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ түзөтүү

Кыргыз тилинде

Сөз тагдыры: Адабий-сын макалалар. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 160 б.

Мезгилдин чакырыгы: Адабий-сын макалалар. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 136 б.

Ал тууралуу чыгармалар жана китеп макалалары түзөтүү

  • Жусупов, Кеңеш. Жан шерик: Жыйнак / Жыйнакты түзгөн Айгүл Эралиева. – Бишкек: Бийиктик, 2007. – 588 б. - ISBN 978-9967-13-229-0. - (Мында: 360-361-бетте).
  • Писатели Советского Киргизстана: Справочник / Авторы-составители К.Ботояров, Р.Момунбаева; сост. А.Макеева; Редколл.: Барпы Рыспаев (глав. ред.) и другие. - Фрунзе: "Адабият", 1989. - 656 стр. - (здесь: С. 620). - ISBN 5-660-00084-3.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү