Эдификатор түрлөр
Эдификатор түрлөр - биоценоздогу чөйрө түзүүчү доминант түрлөр. Эдификаторлор организмдик жыйындыларда сандык жактан басымдуулук кылуу менен бирге, түрлөрдүн ядросун түзүп жана ал биоцеоздогу башка түрлөр үчүн чөйрө түзүүдө орчундуу орунду ээлейт. Эгерде эдификатор түрлөрдү биоценоздон жок кылсак же санын азайтсак, анда ал жерде түрдүк түзүлүштөр менен биотоптук микроклиматтын өзгөрүлүшүнө алып келет. Мисалы, Кыргызстандагы карагай токоюнда карагай, арча токоюнда арчаларды айтсак болот.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4
- Алдашев. А. А. Биология терминдеринин жана айбанат аттарынын орусча-кыргызча сөздүгү Archived 2013-10-10 at the Wayback Machine