Эйлатан шаар чалдыбары – биздин заманга чейин 7–4-кылымга таандык шаардын калдыгы. Нарын менен Кара-Дарыянын ортосунда жайгашкан. Эйлатан шаар чалдыбарынын атынан биздин заманга чейин 7–4-кылымга таандык археологиялык маданият «Эйлатан маданияты» деп аталат. Өзгөчөлөнгөн керамика комплекси табылган. Андагы карапа идиштери керамикадан жасалып, кызыл боёк менен боёлгон. Эйлатан маданиятына мүнөздүү эстеликтер Фергана өрөөнүнүн бардык жерлеринде кездешет. Көрүстөндөрдө чопо идиштер, билерик, шуру, мончок, шакек, төөнөгүч, бычак, скиф тибиндеги жаа огунун колодон жасалган учтары табылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.