Экзарация (лат. exaratio - айдоо) - мөңгүнүн астындагы тоо тектердин талкалануусу, үбөлөнүүсү жана анда пайда болгон тоо тек сыныктарынын мөңгү менен кошо жылышына байланыштуу жүргөн экзогендик геологиялык процесс.

Анын натыйжасында тепши сымал өрөөндөр (трог), кой мандай таштар, жылмаланган аскалар ж. б. пайда болот. Мындай жерлерде чөкмө тоо тектерден турган жабынды көпчүлүк учурда мөңгүнүн аракетинен жылышып кетет да, түпкү кристаллдык тектер ачылып калат. Мөңгүгө ширеле тоңгон тоо тек сыныктары мөңгү менен кошо жылганда ачылып калган түпкү тоо тектердин беттерин сүрүп, жылмалайт, чийиндер пайда болот. Алар мөңгү тартылганда аска беттеринде сакталып калат да, экзарациянын издери деп аталат. Э-дан пайда болгон рельефтин формалары Кыргызстандын аймагында көп кездешет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4