Экзогендик процесстер (экзо... жана ...геп) - жер бетинде жана жер кыртышынын эн үстүнкү катмарларында болуучу геологиялык процесстер (тоо тектердин үбөлөнүүсү, эрозия, мөңгү-муздун аракети ж. б.); негизинен күн радиациясынын энергиясынын, тартылуу күчүнүн таасиринен жана организмдердин тиричилик аракетинен болот.

Экзогендик процесстер эндоген процесстери жараткан рельефтин ири формаларын тегиздеп, морфоскульптурасын жаратат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4