Экидаван мөңгүсүАлай кырка тоосунун түн. капталында жайгашкан татаал өрөөн тибиндеги мөңгү.

Шаймерден суусунун сол курамы Аксуунун алабынан орун алган. Уз. 5,0 км, аянты 4,0 км2. Башы деңиз деңг. 4650 м, этеги 3430 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4200 м. Абляция облусунун аянты 1,8 км2. Мөңгүнүн бети жаракалар м-н тилмеленген. Этегин калыңдыгы 1 мдей морена кыртышы каптап жатат. Мөңгүдөн Экидаван суусу башталып, Аксууга оң тараптан куят.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2