Экинчи ооздуулар (deuterastomia) - эки жак симметриялуу жаныбарлар тобу.

Алгачкы ооздуулардан айырмасы, алардын түйүлдүгүндө алгачкы оозу арткы тешикке айланып, анын карама-каршы жагынан 2-ооз пайда болгон, ошондой эле экинчи көңдөй - целому бар, скелети мезодермалуу, нерв системасы тери алдыңда жайгашкан. Экинчи ооздууларга чала хордалуулар, ийне терилүүлөр, хордалуулар, кылкан жаактуулар ж. б. кирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4