Экологиялык апаат -

1) коом менен табият ортосунда өзгөчө кырдаал жараткан карамакаршылыктардын кескин курчушу; массалык түрдө тирүү организмдердин кырылышы менен коштолгон табигый комплекстердин калыбына келбей турган болуп өзгөрүшү. Ал табигый жана социосферанын дестабилизация, кыйроо коркунучун туудурат. Ошондуктан, коом абалды стабилдештирүү үчүн ыкчам иш-чараларды жүргүзүү талап кылынат. Бул абалдар табигый (жер титирөө ж. б.), техногендик (энергетикалык ж. б.) апаат же болбосо узакка созулган экологиялык кризис катары өтө тездикте жаралышы мүмкүн. Эгер бул кубулуштар айрым участок же региондорду камтыса, локалдык жана региондук (Арал деңизинин соолушу ж. б.) Экологиялык апаат болот. Жер жүзүн дээрлик камтыса глобалдык катары эсептелинет.

2) көпчүлүк учурда адамдын табигый процесстерге түз жана кыйыр таасиринин натыйжасында пайда болгон жана массалык түрдө өсүмдүк, жаныбарлардын кырылышына, адамдардын өлүмүнө, экономикалык чыгымга алып келген табигый аномалия. Мис., Түштүк Американын Тынч океан тарабындагы жээгиндеги Эль-Ниньо, ири жанартоо атылуулары, ири аймактагы кургакчылык ж. б. 3) айлана-чөйрегө кооптуулук жаратып, тирүү организмдердин (айрым учурда адамдардын да) өлүмүнө алып келген өндүрүш объектисиндеги жана техникалык түзүлүштөгү (химиялык завод, АЭС, танкер ж. б.) авария. Мис., 1986-ж. болуп өткөн Чернобылъ авариясы, Фукусима I АЭСиндеги авария ж. б., к. Химиялык булгануу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4