Экологиялык норматив -

1) базалык экологиялык өзгөрмөлөрдүн тең салмактуулук облусу. Экологиялык, географиялык системалардын, алардын компоненттеринин мезгил жана мейкиндиктеги абалын туюндурат.

2) экологиялык регламенттерге негизделген жана укук статусуна ээ антропогендик таасир чоңдугу

Илимдин, технологиянын жана экономиканын өнүгүү деңгээлине жараша убактылуу мүнөзгө ээ. Экологиялык саясатта Экологиялык норматив комплекстүү экологиялык абалды сан менен чагылдырган көрсөткүчтүн ролун аткарат. Табиятты коргоо укугундагы талаптарды аткарууда негизги ролду .ойнойт. Аны иштеп чыгуунун жана кабыл алуунун максаты калктын саламаттыгын түрдүү булгануудан (ызы-чуулук, радиациялык ж. б.) сактоо жана айлана-чөйрөнүн туруктуулугун камсыз кылуу болуп эсептелет. Экологиялык нормативге түрдүү объекттерге (аба, суу, топурак ж. б.) карата чектүү нормадагы концентрация, чектүү нормадагы агызуу (агын сууларга) ж. б. кирет. Бардык таштанды заттарга Экологиялык норматив жок, айрымдарына гана иштелип чыккан. Түрдүү өлкөлөрдө булгоочу заттарга Экологиялык норматив түрдүүчө кабыл алынган. Экологиялык нормативдер төмөнкү багыттар боюнча бар: айлана-чөйренүн сапатынын нормативдери; айлана-чөйрөнүн абалына терс таасир эткен зыяндуу заттардын бөлүнүшүн чектөөчү нормативдер; табигый ресурстарды пайдалануу нормативдери; экологиялык стандарттар; санитардык жана корголуучу зоналардын нормативдери ж. б., к. Экологиялык стандарт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4