Экологиялык сертификациялоо

Экологиялык сертификациялоо - объектин экологиялык талапка жооп берерин аныктоо үчүн аткарылуучу иш-чара.

Экологиялык сертификациялоо милдеттүү түрдө жана ыктыярдуу болот. Ал өндүрүлгөн продукцияга, аткарылган айрым иш-чараларга, менеджент системасына жана персоналга карата жүргүзүлөт. Мамлекеттик маанилүү иш-чаралар, объекттер милдеттүү түрдө сертификацияланышы абзел. Ыктыярдуу Экологиялык сертификациялоо продукциянын коюлган талапка жооп берерин тастыкташ үчүн өндүрүүчү жана жеткирүүчү тараптын талабы менен көз карандысыз борборлордо жүргузүлөт. Экологиялык таза продукция рынокто өтүмдүү болгондуктан, Экологиялык сертификациялоо кеңири колдонулууда. Анткени ал продукцияны өндүргөн жана жайылткан (саткан) тараптын аброюн көтөрөт. Экологиялык сертификациялоодон тышкары ишканаларда улуттук жана эл аралык деңгээлдеги стандарттарды өзүнө камтыган экологиялык менеджмент сертификатташтыруу системасына зор көнүл бурулууда. Мындай иш-чара продукциянын сапаттуу экендигин айгинелейт. Өндүрүлгөн продукциядан чыккан таштандылар айлана-чөйрөгө залака тийгизбейт. Экологиялык сертификациялоо мамлекеттик жана эл аралык ISO 14000 (14001, 14004, 14015,14020 ж. б.) стандарттары боюнча жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4