Экологиялык укук - дүйнөлүк жана улуттук деңгээлде экологиялык каатчылык туудурган абалдын курчушунан улам келип чыккан адамдын конституциялык укуктарынын бир түрү.

Негизинен ал жагымдуу айлана-чөйрөгө ээ болууну; экологиялык тартип бузуу аркылуу адамдардын ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтурууну; жаратылыш чөйрөсүнүн келечектеги абалы тууралуу так жана толук маалымат алууну камсыз кылып турат. Экологиялык укукту конституциялык деңгээлде бекитүү 1980-90-ж. баштаган жана КРдин мыйзамдары боюнча Экологиялык укук тармактарына адм., финансы, кылмыш-жаза, жарандык, жер ж. б. кирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4