Экология кризиси - адамзат менен табияттын карым-катнашынын чыңалган абалы.

Антропогендик иш-чаралардын негизинде экосистеманын ички өз ара байланыштарынын бузулушу, биосферанын кайталангыс кубулушу. Адамзаттын жашоосуна жана коомдун өнүгүүсүнө терс таасир этүүсү боюнча төмөнкү кубулуштарды камтыйт: генофонддун өзгөрүшү; өнүгүү жетишсиз деңгээлдеги энергетикалык, минералдык-сырьёлук жана тамак-аш менен камсыздалышы; адамзатты курчаган айлана-чөйрөнүн булганышы ж. б. кубулуштар. Экология кризисити изилдөө эки негизги багытта (илимий жана коомдук) жүргүзүлөт. Экологиялык пессимизм (алармизм) багытын жактоочулар учурдагы абалга байланыштуу (чөйрөнүн кескин булганышы, төрөлүүнүн санынын өсүшү) коомдун өнүгүшүнө ишеним туудурбайт, техникалык экономикалык өнүгүүнү өтө чектөөнү же болбосо такыр токтотууну талап кылат. Ал эми, илимий-техникалык оптимизм багытындагылар технологияларды радикалдуу экологиялык көз карашты эсепке алуу менен жаңы техника түзүлүштөрүн иштеп чыгууну, табиятты рационалдуу пайдаланууну, төрөлүүнүн санын мамлекеттик көзөмөлгө алууну сунуштоодо. Адамзаттын айлана-чөйрөгө тийгизген таасиринен пайда болгон глобалдык Экология кризиси коркунучунан чыгуу үчүн эл аралык кызматташтыкты, жалпы улуттук жана мамлекет аралык иш-чараларды жүргүзүүнү талап кылат. Глобалдык Экология кризиси менен күрөшүү локалдыкка салыштырмалуу алда-канча татаал. Бул проблеманы чечүү адамдын иш аракетинин натыйжасында келип чыккан булгануусу экосистема өз алдынча тазалай алган деңгээлге чейин минималдаштыруу керек. Глобалдык Экология кризиске кислоталуу жаан-чачын, парник эффектиси, планетанын суперэкотоксиканттар менен булганышы, озон тешиги ж. б. проблемалар кирет. Экология кризиси экологиялык ынгайсыз абал, экологиялык кырсык жана экологиялык апаат болуп бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4