Экология саясаты - адамзатты курчап турган табигый чөйрөнү коргоо жана аны жакшыртуу, табигый ресурстарды рационалдуу пайдалануу жана аларды калыбына келтирүүгө багытталган иш-чара.

Анын негизги максаты адамзатка жана табиятка тийген таасирлерден келип чыккан терс кесепеттердин алдын алуу, анын натыйжасын минималдаштыруу жана аны дээрлик жок кылууга багытталган. Алар глобалдык, мамлекеттик, региондук жана локалдык (жергиликтүү) болушат. Экология саясаты өлкөнүн экологиялык коопсуздугун кепилдеген негизги принцип, норма жана иш-чараларды камтыйт. Эгер, мурда айлана-чөйрөнү коргоо, рационалдуу пайдалануу жана табигый ресурстарды калыбына келтирүүнү камтыса, учурда адамзаттын жашоосуна жакшы шарт түзүп жана экологиялык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган социосфераны сактоо жана өнүктүрүүнү да камтыйт. Азыркы учурда Экология саясаты төмөнкүлөрдү эске алышы керек: узак мөөнөттүү факторлорду эсепке алууну жана өлкөнүн жалпы саясатынын приоритеттүү Экология саясаты коомдун өнүгүү багытын табияттын талаптарына технологиялык циклдерди жакындатууну, б. а. ресурстарды калдыксыз пайдалануу жана таштандыларды табигый биогеохимиялык циклдерге бузуусуз кошууну; адамдын табиятка болгон мамилесин өзү өзгөртүү, анын баалуулуктарын, экологиялык билимин маданиятын ой жүгүртүү деңгээлин жогорулатуу ж. б. Адамдын коргоонусу, анын тиричилик өткөзүүдөгү өзүнө көптөгөн проблема жана маселелерди чогултканы (а. и. социалдык-экономикалык жана саясий) экологиялык императиви болот да, Экология саясатынын маңызын түзөт. Ошондуктан, Экология саясаты ИТПни тездетүүнү негиздеген күнүмдүк милдеттерди гана эмес, ошондой эле алдыга коюлган милдеттерди (материалдык өндүрүштү жана коомдук ан-сезимди экологизациялоону, табиятты коргоо облусунда кызматташтыктын өнүгүшүн) чагылдырат, к. Табиятты коргоо, Экология.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4