Экология стандарты - табигый объекттердин юридикалык мааниге (күчкө) ээ сандык жана сапаттык көрсөткүчү; айлана-чөйрөнүн сапатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттин укуктук жөнгө салуу иш-чараларынын бири.

Ага карата укук режими табигый ресурстарды, экологиялык эрежелерди түрдүү тармактагы иш-чараларга пайдалануу боюнча түзүлөт. Экология стандарты бардык укуктук актыларга ээ, айлана-чөйрөнүнүн булганышы менен күрөшүү боюнча иштелип жаткан мыйзамдык чаралардын экинчи этабы катары укук системасына кирет. Ал чарба иштерин жүргүзүүдө экосистеманын түзүмүн жана функциясын сактоо боюнча милдеттүү чектерди сактоону жана адамдын экосистемага тийгизген таасиринде мүмкүн болушунча экосистеманын түзүмүн, динамикалык сапатынын сакталышынын максималдуу деңгээлин камтыйт. Көрсөтүлгөн чектер адамды курчаган экосистеманын ыңгайлуу абалы, анын социалдыкбиологиялык чыдамкайлыгы жана чарбалык ой-жүгүртүүлөрү менен аныкталат, к. Чектүү нормадагы концентрация, Экология.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4