Экология экспертизасы - табигый чөйрөгө тийүүчү таасирдин алдын алуу же мүмкүн болушунча азайтуу максатында пландаштырылган чарбалык ж. б. иш-чараларды мамлекеттик текшерүү; табиятты коргоо, ресурстарды үнөмдүү пайдалануу максатында, ошондой эле жүргүзүлүүчү иштердин долбоорлорун коомчулукка экологиялык кооптуу же кооптуу эмес экендигин текшерүүчү иш-чаралар.

Белгиленген чарбалык иш-чаралар экологиялык талаптарга жооп берерин жана ошол талаптарды аткаруу боюнча мүмкүнчүлүгүн аныктайт. Экология экспертизасы зарылчылыгы өнөр жайдын тез темп менен өнүгүшүнөн жана анын табиятка терс таасир тийгизишинен келип чыккан. Өнөр жай өнүккөн өлкөлөрдө Экология экспертизасын өткөрүүгө табигый чөйрөнүн бузулушунан аргасыз (мис., Япония (1965), АКШ (1970), Канада (1973), Франция (1976), Испания (1976), Кытай (1979) ж. б.) болушкан. Экология экспертизасы төмөнкү принциптердин негизинде түрдүү чарбалык ж. б. иш-чаралар кандайдыр бир деңгээлде экологиялык кооптуулукту жаратаары жөнүндөгү потенциалдык жоромол; Экология экспертизасынын объектиси ишке берилгенге чейин сөзсүз түрдө мамлекеттик Экология экспертизасын өткөрүү; чарбанын табигый чөйрөгө тийгизген таасирин жана алардын натыйжасында келип чыккан кесепеттерди комплекстүү баалоо; Экология экспертизасын өткөрүүдө экологиялык коопсуздук талаптарынын аткарылышынын эсебин жүргүзүү; Экология экспертизасына сунушталган маалыматтын шексиз жана толук экендигин аныктоо; Экология экспертизасын жүргүзүүчү адистердин көз каранды эместиги; Экология экспертизасынын жыйынтыгынын илимий, объективдүү жана мыйзамга ылайыктыгынын негизделиши; Экология экспертизасын жүргүзүүдө коомдук уюмдар менен бирдикте иш алып барып, ал айкын өткөрүлүп, иш-чаралардын жана коомдун ой-пикирлеринин эсепке алынышы; Экология экспертизасын жүргүзүүчүлөрдүн жана ага кызыктар тараптардын Экология экспертизасын уюштуруу, өткөрүү, сапаты боюнча жоопкерчилиги ж. б. Экология экспертизасын өткөрүүгө төмөнкүдөй мөөнөттөр белгиленген: жөнөкөй объект үчүн 30 күн, орточо татаалдыктагы объект 60 күн, татаал объект 120 күн. Зарыл учурда татаал объекттер үчүн Экология экспертизасы өткөрүү мөөнөтү узартылыщы ыктымал, бирок ал 6 айдан ашууга тийиш эмес. Экология экспертизасы өткөрүүгө узак мөөнөттөгү өнүгүүнү камтыган документтер, аймакты пландаштыруунун схемасы жана долбоорлору, техникалык-экономикалык негиздөөлөр, ишканаларды куруу, реконструкциялоо жана жоюу боюнча долбоорлор, чарба иш-чараларын регламенттеген методикалык жана инструкциялык документтери, комплекстүү экологиялык изилдөөлөрдүн материалдары, экологиялык кырсык болгон жана кооптуу зоналар, табигый ресурстарды пайдалануу менен иштеген ишкананын чет өлкөлүк фирмалар менен биргеликте иш алып баруу материалдары ж. б. тийиштүү. Ошондой эле, иштеп жаткан ишканалар ж. б. (а. и. аскердик объекттер; радиоактивдүү, УУлуу ж. б. заттарды сактаган жайлар) объекттер Экология экспертизасын өткөрүүгө милдеттүү. Экология экспертизасы түрдүү чарбалык жана инж. иш-чаралар экологиялык жактан коопсуз экендигин аныктоо ж. б. максатта жүргүзүлөт, к. Мамлекеттик экологиялык экспертиза.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4