Экскаватор (лат. excavo - оюу, чункурайтып оюу) - казып-жүктөгүч машинанын негизги тиби.

Кээ бир Экскаватор жумуш аткаргыч жабдууларын алмаштырганда көтөргүч кран, жүктөгүч, тыгыздагыч ж. б. катары пайдаланылат. Экскаватор негизинен жүрүүчү бөлүк, таяныч-айланма түзүлүш, платформа, күч бергич жана жумуш аткаргыч жабдуу, башкаруу системасы, кабинадан турат. Аткарган жумушуна жараша бир чөмүчтүү жана көп чөмүчтүү Экскаваторго айырмаланат. Бир чөмүчтүү универсалдык, карьердик, тоннелдик, мунаралык, чым көңдүк Экскаваторго бөлүнөт. Айыл чарбада көбүнчө универсалдуу Экскаватор колдонулат. Көп чөмүчтүүсү тизмектүү жана ротордук Экскаваторго бөлүнөт. Көп чөмүчтүү Экскаватор бир тектүү кыртыштарды, бир чөмүчтүү Экскаватор ар түрдүү кыртыштарды казууда, ошондой эле курулушта, таш-топурак жумуштарын аткарууда, кен казууда, аны транспорт каражаттарына жүктөөдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4