Экспонент
Экспонент (латынча exponens – коюучу) – көркөм сүрөт искусство тармагында – чыгарманын автору (сейрек – анын ээси) катары көркөм көргөзмөнүн ар бир катышуучусу. Бул мааниде термин сөзсүз түрдө ошол көргөзмөнүн аталышы менен чогуу кошулат. Тар мааниде Э. – кандайдыр бир көркөм коомдун жана бирикменин көргөзмөсүнүн катышуучусу жана бул коомдун мүчөсү болбогондуктан, өз ишин жюринин кароосуна коюуга милдеттүү сүрөткер. Бул учурда термин ошол коомдун аталышын белгилеп көрсөтүү менен колдонулат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004