Элдик көркөм искусство –

Элдик көркөм искусство – эмгекчи эл жараткан, анын табити менен кызыкчылыктарын чагылдырган жана эл массаларынын арасында кеңири тараган көркөм сүрөт жана жасалгалык-турмуштук кооз буюмдар көркөм искусствосу. Элдик көркөм искусство ачык байкалган улуттук мүнөздө болот. Өзүнүн өзгөчөлүгү боюнча ал «турмуштук» деген сөздүн эң кеңири маанисинде колдонулат: материалдык маданияттын скульпторлуктан зергер буюмдарына чейинки бардык жактарын өз ичине камтыйт. Тиричилик жана өндүрүштүк болуп бөлүнгөн турмуштук практика менен күндөлүк тыгыз байланышуусунда Э. к. и. эреже катары, өзүнүн чыгармаларындагы терең шайкештиги менен айырмаланат. Көркөм тилинин айкындыгы менен күчү, материалды түшүнүп, туура колдонуу ыгы, чыгармачылык тапкычтыгы жана чечимдеринин шардыгы, мазмун менен бекем органикалык (шайкештик) байланышы, көркөм формасы, предметтин аткарылыш техникасы жана бардык ушул элементтердин турмуштук талаптарга жооп бериши Э. к. ө-дүн чыгармаларын классикалык чыгармаларга айланткан мүнөз­дүү белгилерине кирет. Э. к. и-нун көркөм принциптери менен чыгармачылык ыкмасы көркөм практика процесси учурунда иштелип чыгып, мурунку устадан кийинки анын ишин улантуучу устага берилет. Адамзат тарыхынын эң алгачкы стадияларында бүт көркөм өнөр элдик болгон. Таптын пайда болушу жана искусствонун келип чыгышы менен Э. к. и. «өзү үчүн» деп аталган көркөм үй ишине (негизинен дыйканчылык көркөм өнөрү) жана кеңири элдик көркөм кесипчиликке айланган көркөм кол өнөрчүлүктөргө бөлүнүп кеткен. Капитализм мезгилинде эмгекти коомдук бөлүштүрүүнүн негизинде кесиптик-турмуштук кооз буюмдар көркөм искусствосу пайда болот жана ал фабрика өндүрүшү менен тыгыз байланышта турат, ошол эле учурда элдик кол өнөрчүлүктүн иш чөйрөсү кыскарат (арзан фабрикалык буюмдардын конкуренциясы астында), Э. к. и. чыгармаларынын сапаты төмөндөйт. Ал эми социализм учурунда Э. к. и. өнүгүүнүн толук эркиндигин өз колуна алат, элдик уздардын маданияты өсөт, элдик искусство менен кесиптик искусство жакындаша башташат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү